среда, 6 апреля 2016 г.

Аргынбек Малабаев, Транспорт министри: «Балыкчы-Корумду жолун куруу тендерин мыйзамды бузуп утуп алган кытайлык «Лонг Хай» фирмасында Темир Сариевдин жакындары иштейт»

«2015-жылдын 25-сентябрында премьер-министр Темир Сариев өкмөттүк жыйын өткөрүп, биздин Транспорт министрлигине жаңы жолдорду салууга тендерлерди өткөрүүнү тапшырды.

Бул максатта 2016-жылга бюджеттен 8 миллиард сом бөлүнгөн эле», — деп билдирди бүгүн, 6-апрелде Жогорку Кеңеште Балыкчы – Корумду жана Бишкек — аэропорт «Манас» жолунун курулушундагы мыйзам бузууларды иликтөө боюнча депутаттык комиссияга жооп берип жатып КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.«Быйыл күзүндө өтө турган «Көчмөндөр оюнуна» байланыштуу Бишкек — аэропорт «Манас» жана Балыкчы – Корумду жолдорун быйыл салып бүтүрүшүбүз керек эле. Биринчи маселе болгон Балыкчы – Корумду жолун салуу боюнча тендерди өткөрүү биздин министрликке тапшырылганы менен премьер-министр 2015-жылдын 13-октябрында министрликти аттап, акча каражаты түз эле Жол чарба департаментине бөлүп берилсин деп Каржы министрлигине буйрук берди жана Балыкчы – Корумду жолун курууга жооптуу кылып Жол чарба департаментин бекитти. Алардын үстүнөн көзөмөлдөө ишин премьер-министр өзүнүн аппаратына тапшырды. Эреже боюнча өкмөттүн справка-негиздемеси болуш керек эле, бирок мага, транспорт министрине ал кагазды көрсөтүшкөн жок. Ал негиздемеге менин орун басарым Улан Уезбаевдин колун койдуруп алышыптыр да Темир Сариев N 508-токтомду чыгарыптыр. Ал токтомдун негизинде Жол чарба департаменти өзүнүн буйругун чыгарып, тендердик комиссия түзгөн. Мыйзам боюнча тендер эки жума мурун жарыяланышы керек. Булар мыйзамды аттап 21-октябрга тендер жарыялашкан. Бирок, 21-октябрга чейин 2 Кыргызстандык компания жана 1 Түркиялык компания документтерин тапшырып, кытайлык «Лонг Хай» компаниясы үлгүрбөй калгандыктан мыйзамды одоно бузуу менен тендерди 22-октябрга жылдырышкан. Ушундан кийин гана мага менин орун басарым Улан Уезбаев маалымат берген (министрлердин орун басарларын премьер-министр гана дайындайт — ред.). Бирок, текшере келгенде ал маалыматтар так эмес чыкты. Мен өзүм иликтеп көрсөм кытайлар Улан Уезбаев жана Темир Сариевдин жакын кишилери менен сүйлөшүп, тил табышып алышыптыр. Ошондуктан алар кытайлык «Лонг Хай» компаниясынын кызыкчылыктарын коргоп жатышкан экен. Айтылгандай эле 22-октябрда тендерди кытайлык «Лонг Хай» компаниясы жеңип чыкты кылышкан. Бул фактыларды азыр премьер-министр Темир Сариев элден жашырып жатат. Биринчиден, мен өзүм Бишкекте болсом эмне үчүн мага кол койдурушпай менин орун басарыма кол койдурушат? Мекемелер аралык комиссия да Темир Сариевдин буйругу менен түзүлүп, ал буйрукта «министр жоопкерчиликти албаганына байланыштуу жоопкерчилик толук бойдон орун басарына өткөрүлүп берилсин» деп жазылган. Ошол, 12-13-14-октябрларда мен Бишкекте, өз иш ордумда эле болгомун. Булар менин министрлик ыйгарым укуктарымды чектеп, тендерди одоно мыйзам бузуулар менен өткөрүшкөн. Тендердик комиссиянын төрагасы Жумаш Соодонбаев (Жол чарба департаментинин башкы инженери) азыр түшүнүк кат жазып берген. Анда ал тендердик комиссияга өкмөттөн «ишти тез бүткөргүлө» деп эбегейсиз басым жасашканын жазган. Тендердик комиссия тендерге катышып жаткан эки кыргыз компаниясын «силер арзан жасай албайсыңар» деп түртүп салган, ал эми Балыкчы-Корумду жолун кытайлардан арзан салып берүүнү сунуш кылган Түркиялык компанияны «лицензияңар жок» деген шылтоо менен чыгарып салышып, кытайлык «Лонг Хай» компаниясын жеңүүчү деп аташкан. Бирок, «Лонг Хай» компаниясы да тендерге лицензиясы жок катышкан. Мыйзам боюнча мындай жолдорду салууга тендерге 2-даражадагы лицензиясы бар гана компаниялар катыша алат. Тендерди октябрда утуп алган «Лонг Хай» компаниясы ноябрда гана Мамархкурулуштан жана Юстиция министрлигинен 3-даражадагы лицензия алган. Бул 3-даражадагы лицензия жол оңдоого гана укук берет, жол салганга укук бербейт.»Лонг Хай» компаниясында премьер-министр Темир Сариевдин жакын кишилери иштейт, ошондуктан бул компанияда Темир Сариевдин кызыкчылыктары бар. Ушул себептен «Лонг Хай» компаниясы тендерден миллиарддаган сомдорду чапчыган тендерлерди мыйзамдарды одоно бузуп утуп алып жатат. Азыр «Лонг Хай» компаниясы өзүнүн техникасы жана жол куруу тажрыйбасы, адистери жок болгондуктан эки кыргыз компаниясын жалдап алып жол салдырып жатат. Бул жолдордун сапатына ким жооп берет?», — деп баяндады КР Транспорт министри Аргынбек Малабаев.Булак:Кyrgyztoday.kg

Комментариев нет:

Отправить комментарий